Жаңы Зеландиянын Жогорку соту былтыр Крайстчөрч шаарындагы эки мечитке кол салган австралиялык Брентон Таррантты өмүр бою эркинен ажыратты. Бул өлкөнүн тарыхында соттолуучуга мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу укугу берилбеген эң катаал өкүм болуп калды.
2019-жылы 15-мартта Крайстчөрч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчан адам ок жаадырып кирип барган. Бул учурда мечиттерде 300 адам болгон. Кол салуудан 51 киши мерт болуп, 40ка жакыны жаракат алган.
Окуяга шектүү катары Австралиянын жараны Брентон Таррант кармалган. Сотто ал киши өлтүрүү, киши өлтүрүүгө аракет кылуу жана террордук акт боюнча коюлган күнөөлөрдү мойнуна алды.
Жаңы Зеландияда Таррантты жаза мөөнөтүн өтөш үчүн мекени Австралияга жөнөтүү тууралуу чакырыктар айтылууда. Жергиликтүү басылмалар аны түрмөдө кармап туруш үчүн жылына бир миллион АКШ доллары кетерин жазышты. Австралиянын бийлиги Тарранттын өлкөгө кайтып келишин каалабай турганын билдирди.