Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Өкмөт өлкөдө чакан бизнес 80% чейин калыбына келди деп эсептейт


Беткап тигип жаткан тигүүчүлөр. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.
Беткап тигип жаткан тигүүчүлөр. Бишкек шаары. Март, 2020-жыл.

Премьер-министр Кубатбек Боронов бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында өкмөттүн ишкерлерди колдоо аракети натыйжалуу болгонун айтып, чакан бизнес 80% чейин калыбына келип калганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бороновдун айтымында, чакан жана орто бизнестин мониторингинин жыйынтыгында 2020-жылдын январь-февраль айларында берилген патенттин саны 95-97 миңге жетсе, март айында анын саны 20 миңге чейин азайган. Учурда 75 миң патент берилди. Ал эми 2020-жылдын сегиз айында салык кирешесинин көлөмү 37,5 млрд. сомго жетти. 2019-жылдын сегиз айында ал 38,9 млрд. сом болгон.

Кыргызстандын өкмөтү экономика артка кетерин быйыл жазда, пандемия башталганда моюнга алган. Ага өлкөдө киргизилген өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимдери жана чек аралардын жабылышы себеп болору айтылган. 2020-жылдын январь-июль айында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 282 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,1% азайды. Кумтөр кенин эске албаганда ИДӨнүн көлөмү жети айда 244 миллиард сомду түзүп, 7,7% кемиди. (TSh)

XS
SM
MD
LG