Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Жээнбеков: Саясий топтун амбициялары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши керек


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 29-августта "Биринчи радиого" маек куруп, кыргызстандыктарды келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

Президент Кыргызстан буга чейин башынан апрель, июнь окуяларын эскерип, бул окуялар тынчтыктын, биримдиктин, Эгемендиктин баасын сездирип, мамлекеттүүлүк деген эмне экенин эске салганын айта кетти.

“Бул окуялар - эл үчүн да, бийликтегилер үчүн да чоң сабак болду. Саясий талаш-тартыштар, күрөш, атаандаштык, бардыгы болушу керек. Бирок ушул талаштар, жеке же саясий топтун амбициялары мамлекеттүүлүккө шек келтирбеши зарыл. Бул жакындап калган парламенттик шайлоонун алдында да актуалдуу. Саясатта чеберчилигин көрсөтөм деп, коомду, керек болсо мамлекетти түйшүккө салбоо керек деп айтат элем”, - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, таза суу, ирригацияны жакшыртуу – ишиндеги негизги багыттар экенин белгилеп, буларды ишке ашырууда элдин колдоосу күч берип жатканын айтты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG