Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

Мирзиёев сталиндик репрессияга кабылгандарды тарыхта калтырууну тапшырды


Өзбекстан 31-августта репрессиянын курмандыктарын эскерди.
Өзбекстан 31-августта репрессиянын курмандыктарын эскерди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиев сталиндик репрессияга туш болгон 100 миңден ашык адамдын баарынын тарых-таржымалын кылдат иликтеп, алардын ысымын маалелерге, мектептерге ыйгарууну, ишмердиги тууралуу китеп жазып чыгарууну тапшырды. Өзбек президенти бул тууралуу 31-августта репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган иш-чарада билдирди.

«Бул адамдар чыныгы лидер болушкан, интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү, мыкты адабиятчы, маданий ишмерлер эле. Эгер алар репрессияга кабылбаганда мекенди, илимди, экономиканы жана адабиятты өнүктүрүү боюнча кандай деген улуу иштерди жасашмак», деди Мирзиёев.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 1937-1953-жылдары репрессияга 100 миңден ашык адам кабылып, алардын ичинен 13 миңдейи «ырайымсыз» атууга кеткен.

Расмий маалымат боюнча, бул убакыт аралыгында СССРдин тушунда жалпысынан 3,8 миллион адам репрессияга туш болуп, 800 миңдей адам атууга кеткен. «Мемориал» уюму 2,6 миллион адамдын тарых-таржымалын тактап чыккан.

XS
SM
MD
LG