Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53

Жалдагы чуулгандуу мушташ үчүн айыпталгандарга өкүм чыкты


Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт. 28-август, 2019-жыл.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт. 28-август, 2019-жыл.

Бишкектин Ленин райондук соту 27-августта Жал кичирайонундагы чуулгандуу мушташ үчүн айыпталган эки бир тууганга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова «Азаттыкка» билдирди.

Соттун чечимине ылайык, бул иш боюнча айыпталган 34 жаштагы Жаныбек Бапышев Жазык кодексинин 39-130-беренеси («Киши өлтүрүү аракети») менен 10 жылга кесилди. Анын бир тууганы, 20 жаштагы Калысбек Сейитбеков ушул эле берененин негизинде 11 жылга эркинен ажыратылды.

Былтыр 28-августта Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташта эки адам мыкаачылык менен сабалган. Аларды сабаганы айтылган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков окуя болгон учурда кармалып, кайра коё берилген.

Жабыркагандардын жакындары арыз жазган соң коомчулукта бул маселе чоң талкууга түшүп, кийин аларга издөө жарыяланган. 6-сентябрда изделип жаткан эки адам милицияга өздөрү келип, камакка алынган.

Кийинчерээк Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул ишке байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы кызматкери, соттолгондордун тууганы Казыбек Бапышовду кармаган.

Ага милицияда иштеп турган учурунда 28-августта окуя болгон жерге жетип барып, Бапышев менен Сейитбековду кармаган милиция кызматкерлерине тоскоолдук кылып, инилерин бошотуп кеткен деген айып коюлган.

Былтыр 23-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына бошоткон. (NT)

XS
SM
MD
LG