Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

БУУнун чабарманы: тыюуга карабай Ливияга курал-жарак жөнөтүлүп жатат


Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет.
Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ливия боюнча чабарманы Стефани Уильямс эл аралык эмбаргого карабай бул өлкөдө чырдашкан тараптарга аларды колдогон чет мамлеттерден курал-жарак барып жатканын айтты. Ал 2-сентябрда уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында мындай жагдай өлкөдөгү тирешүүнү ого бетер курчутарын, анын эгемендигине шек келтирип, БУУнун талаптарын бузарын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш соңку ирет 8-июлда Коопсуздук кеңешине Ливиядагы жагдай тууралуу айткандан бери, Халифа Хафтардын күчтөрүн колдош үчүн өлкөнүн чыгышындагы аэрпортторго курал-жарак жүктөлгөн 70тей учак конуп, порттого үч жүк ташуучу кеме токтогон.

Уильямс Ливиянын батышында эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө жан тарткан күчтөр үчүн мындай 30дай авиакаттам уюштурулуп, тогуз кемеде жүк барганын белгиледи. БУУнун чабарманы ошондой эле Ливиядагы чет өлкөлүк жалданма жоокерлердин ири тобу тууралуу маалыматтар байма-бай түшүп жатканын айтты.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливиядагы БУУнун саясий миссиясынын мандатын мындан ары узартуу боюнча резолюцияны талкуулаганы жатат жана добуш берүү 14-сентябрда өтөт.

Ушул айдын май айында БУУнун адистери Ливияда орусиялык жалданма аскерлер куралдуу кагылышууларга аралашып жүргөнүн ырастаган. Алардын баяндамасында «Вагнердин жеке менчик компаниясынын» жоокерлери ливиялык генерал Халифа Хафтарга көмөктөшүп жатканы жазылган.

«Вагнер ЧВКсы» президент Владимир Путиндин «ашпозчусу» атыккан олигарх Евгений Пригожинге таандык экенин, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө иш алып барып жатканын орус маалымат каражаттары байма-бай жазып жүрүшөт. Бирок Пригожин да, Кремль да расмий түрдө мындай аскердик түзүмдөр бар экенин ырасташкан эмес.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет. БУУнун арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтү баш калаа Триполини көзөмөлдөп турат. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» өкмөттү тааныбай, Триполиге дээрлик бир жылдан бери маал-маалы менен чабуул коюп жүрөт.

Генералдын күчтөрүн Орусия, Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания колдой тургандыгы кабарланып келет. Түркия БУУ тааныган өкмөткө жардам бериш үчүн Ливияга аскерлерин жөнөткөн.

XS
SM
MD
LG