Тегеранда Ислам революциялык соту журналист Мухаммед Мосаедди 4,9 жылга эркинен ажыратты. Журналисттерди коргоо комитети бул чечимди кескин айыптап, муну бийликтин «чындыкты жашыруу боюнча кезектеги аракети» катары сыпаттады.
Журналист «Твиттердеги» баракчасына сот ага ошондой эле журналисттик ишмердик менен алектенүүгө, байланыш каражаттарын колдонууга эки жылга тыюу салганын жазды. Ал адвокаты менен бул чечимге байланыштуу соттун жогорку инстанциясына арызданганы жатат.
Мосаед буга чейин Журналисттерди коргоо комитетинин эл аралык сыйлыгына көрсөтүлгөн жана сыйлык тапшыруу иш-чарасы быйыл ноябрь айында өтөт. Журналист буга чейин сөз эркиндиги боюнча «Deutsche Welle» агенттигинин сыйлыгына арзыган.
Мосаед алгач былтыр ноябрь айында өкмөткө каршы калайман каршылык акциялары күчөп турган маалда камакка алынган. Ошол кезде журналист «Твиттердеги» баракчасына бул акциялар тууралуу жазып турган. Анда абактан 16 күндөн кийин күрөөгө бошотулган. Эркин кабарчы ушул жылдын февраль айында экинчи жолу камалган, ага да социалдык тармактардагы бийликти сындаган билдирүүлөрү себеп болгон.
Иранда былтыр ноябрда өкмөт бензиндин баасын көтөрүп, күйүүчү майга чектөө киргизген чечимин жарыялаган соң калайман каршылык акциялары башталган жана ал тоз-тополоң, кагылыш, камоо менен коштолгон.
«Эл аралык мунапыс» уюму Иранда өкмөткө каршы акцияда 200дөн ашык адам мерт болгонун билдирген. «New York Times» басылмасынын эсебинде 450 адам көз жумган. Миңдеген кишилер камакка алынган.
Тегеран болсо массалык акцияларда беш киши каза таап, 180 адам кармалганын айткан.