Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Ирак америкалык аскерлерди чыгарат


Ирак парламенти.
Ирак парламенти.

Ирак парламенти америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгарууну колдогон резолюция кабыл алды.

Буга АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулейманинин Багдадда өлтүрүлгөнү себеп болду.

Ирак бул окуядан кийин Кошмо Штаттарды «өлкө эгемендигине шек келтирди, эл аралык укуктарды жана нормаларды бузду» деп айыптап жатат. Вашингтон болсо Сулеймани «согуш баштоо эмес, аны токтотуу максатында» өлтүрүлгөнүн жүйө кылып келет.

Иракта парламент жекшембиде, 5-январда кезексиз чукул жыйынга чогулду. Анда ал «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы уюшулган коалиция менен түзүлгөн макулдашууну токтотуу жана чет өлкөлүк аскерлердин чыгаруу тууралуу өкмөттүн сунушун колдоп, бир добуштан резолюция кабыл алды.

Парламент спикери Мухаммед ал-Халбуси АКШны «Ирактын эгемендигине жана коопсуздугуна шек келтирди» деп айыптады жана буга байланыштуу өкмөттүн атынан тышкы иштер министрине Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрылууну тапшырды.

Ал кабыл алынган резолюцияга ылайык, Иракта мындан ары чет өлкөлүк аскерлер болбошу керек. Өкмөт мамлекеттин жерин, абасын жана суусун эми кандай гана максатта болбосун алардын пайдалануусуна тыюу салууга тийиш.

Иракта ушул тушта АКШнын беш миң аскери бар жана алардын көбү кеңешчилик милдетти аткарышат.

Мунун алдында Багдадда мамлекеттик мекемелер жана дипломатиялык өкүлчүлүктөр жайгашкан, катуу кайтарууга алынган «жашыл аймакка» ракеталык чабуул коюлду. Бир ракета АКШнын элчилиги жайгашкан жерге жакын кулады. Полиция анда эч ким жабыркабаганын билдирди. Ракеталык чабуул ошондой эле Багдаддын Жадрия районуна да коюлду. Анда беш киши жаракат алды, ажал тапкандар тууралуу азырынча маалымат жок. Чабуулду ким койгону да белгисиз.

Багдадда Касем Сулейманини жок кылган АКШга каршы да, расмий Тегеранды колдобогондордун да нааразылык акциялары токтой элек.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командирлеринин бири, «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн жетекчиси Касем Сулеймани 3-январда Багдад аэропортунун жанында аба соккусунан курман болгон. Анда таасирдүү командир түшкөн автоунаага дрондон сокку урулганы айтылган.

АКШнын армиясы бул операцияны «коргонуу» максатында уюштурганын, Сулеймани Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү кызыкчылыктарына сокку урууга камылга көрүп жүргөнүн билдирген.

Касем Сулейманинин сүрөтү. 3-январь, 2020-жыл.
Касем Сулейманинин сүрөтү. 3-январь, 2020-жыл.

Тегеран 62 жаштагы Касем Сулейманинин өлүмүнө байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялаган. Ирандын жогорку лидери аятолла Хаменеи таасирдүү командирди өлтүргөндөр «кылмышкер» экенин айтып, аларга «жооп кайтарыла турганын» эскерткен.

Ал арада АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктарга кол сала турган болсо Кошмо Штаттар Ирандын 52 жайына «өтө чукул жана өтө кубаттуу сокку урууга даяр турат» деп эскертти. Ал «Твиттердеги» баракчасына Иран генерал Касем Сулейманинин өлүмү үчүн өч алууну көздөп жатканын белгилеп, «мындай опузаны токтотуш керек» деп жазды. Трамп Кошмо Штаттар Иран жана анын маданияты үчүн өтө маанилүү жайларды бутага алганын айтты. Кол салуу үчүн Вашингтон эки триллион доллар короткон заманбап аскердик курал-жарактарды колдонорун белгиледи.

Иран Трамптын бул опузасына байланыштуу кескин жооп кайтарды. Тышкы иштер министри Жавад Зариф «Твиттердеги» баракчасына «Маданий жайларды бутага алып сокку уруу - бул аскердик кылмыш» деп билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG