Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:05

Бишкекте коронавируска чалдыккан 18 бейтаптын абалы оор


Премьер-министр Кубатбек Боронов 3-сентябрда Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынында дарыгерлердин консилиуму коронавирус инфекциясы менен катуу ооруп жаткандардын ар бирин карап чыгышы керек экенин билдирди.

Бороновдун айтымында, учурда республика боюнча COVID-19 менен ооругандар азайды. Бирок дагы эле илдетти оор көтөргөндөр жана жандандыруу бөлүмүндө жаткандар бар. Бишкек шаарында эле 18 бейтап оор абалда жатат.

«Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине дарыгерлердин консилиумун жеринен өткөрүп, ар бир бейтаптын оорусу канчалык деңгээлде экенин жана дарылоо ыкмасын аныктоону тапшырам. Башкача айтканда, ар бир бейтаптын башка оору менен ооруганын эске алуу менен, жекече мамиле кылуу зарыл», - деди ал.

Муну менен катар өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин түйшүгүн азайтуу, алардын эс алуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек экенин белгиледи. Эгер экинчи толкун болсо, дарыгерлер менен медайымдар оор жумушка даяр турушу керек экенин, иштеп жүрүп коронавирус инфекциясын жушгузуп алып каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөнү тездетүү зарыл болорун айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1060 кишиге жетти.

Илдетке чалдыккандардын расмий эсеби 44135 адамды түзүп, анын 39174ү айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG