Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

НАТО Навальныйдын маселесин талкуулаганы жатат


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

НАТОнун элчилер деңгээлиндеги кеңеши жума күнү чукул жыйынга чогулуп, орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышынын айланасындагы жагдайды талкуулаганы жатат. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык Альянстын басма сөз кызматы кабарлады. Жыйындан кийин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг расмий билдирүүсүн жарыялашы күтүлүүдө.

2-сентябрда Германия орус президенти Владимир Путиндин башкы каршылашы Алексей Навальный «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын билдирген. Немис канцлери Ангела Меркел «ууландыруу аркылуу Навальныйдын көзүн тазалоо аракети» болгонун айткан.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Германия Евробиримдик жана НАТОдогу өнөктөштөрү менен бирге Орусияга чара көрүүнүн жолдорун караштырып жатат. Буга чейин Евробиримдиктин тышкы иштер мекемеси Москваны кылмышты терең иликтөөгө чакырган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыш өлкөлөрүн кандайдыр бир тыянак чыгарууга шашылбай турууга чакырып, Москва «болгон окуянын себебин аныктагысы келерин» билдирген. Ошондой эле Германияны Навальныйдын анализине байланыштуу маалыматтарды Орусия менен бөлүшүүгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG