Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Беларуста митинг маалында кармалган журналисттер соттолууда


Минскиде кармалган журналисттер. 27-август, 2020-жыл.
Минскиде кармалган журналисттер. 27-август, 2020-жыл.

4-сентябрда беларус соту «мыйзамсыз митингдерге катышкан» деп айыпталып жаткан алты журналисттин ишин караганы жатат. Эгер сот аларды күнөөлүү деп тапса, журналисттер айыпка жыгылышы мүмкүн же 15 күнгө камалышы ыктымал.

Соттолуп жаткан журналисттер 1-сентябрда студенттердин бийликке каршы жүрүштөрүн чагылдырып жүргөн маалда кармалган. Алар Беларустагы эркин TUT.BY басылмасы менен «БелаПАН» жаңылыктар агенттигинин жана «Комсомольская правда в Беларуси» гезитинин кабарчылары.

Беларус бийлиги 27-28-август күндөрү 50дөй журналистти аккредитациясын текшериш үчүн кармап, айрым чет өлкөлүк кабарчыларды депортация кылган. 17 журналисттин, анын ичинде «Азаттыктын» беларус кызматынын төрт кабарчысынын аккредитациясы жокко чыгарылган. 2-сентябрда «Журналисттерди коргоо комитети» Беларус бийлигин өз ишин аткарып жаткан журналисттерге ыдык көрсөтүүнү токтотууга чакырган.

Беларуста президент Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган шайлоонун жыйынтыгына каршы демонстрациялар 9-августтан бери токтобой жатат.

XS
SM
MD
LG