Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:38

Кой-Таш окуясы боюнча сотто жабырлануучу-күбөлөр сурала баштады


2019-жылдын 8-августу. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанынан тартылган сүрөт.
2019-жылдын 8-августу. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанынан тартылган сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги жараян болот.

Айыпталуучулардын бири Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдиргендей, сотто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери көрсөтмө берүүнү улантат.

Сот аталган топтун 60тай кызматкерин жабырлануучу-күбө деп тапкан. 4-сентябрда өткөн акыркы жараянда «Альфанын» бир кызматкери көрсөтмө берген.

Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу жана башкалар, жалпысынан 19 киши айыпталып жатат.

Күбө катары тергөөгө келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен алып келүү боюнча операция 2019-жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган.

Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында анын тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылыша кетип, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков курман болгон. Мындан сырткары 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинде башынан катуу жараат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвага чейин барып дарыланган. Операция оңунан чыкпай, эртеси да уланган. Алмазбек Атамбаев 8-августта кармалып, камакка алынган.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кой-Таш окуясы боюнча сот башынан бери жабык каралууда. Сот ар аптанын дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү каралып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG