Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

«Биримдик маршын» утурлай ИИМ Минскиге аскердик техника киргизди


Минск шаары. 5-сентябрь, 2020-жыл.
Минск шаары. 5-сентябрь, 2020-жыл.

Беларустун Ички иштер министрлиги 5-сентябрда акцияларга катышканы үчүн өлкө боюнча 91 киши кармалганын билдирди. Мекеменин расмий маалыматына караганда, акциялар Беларустун 18 жеринде өтүп, ага төрт миңдей гана киши катышты. Кармалган 91 адамдын 34ү сотко чейин камакта калып, калганы бошотулду.

Күч түзүмдөрү Минск мамлекеттик лингвистикалык уинверситетинде окуган теңтуштарына тилектештик билдирип чыккан студенттерди да кармаган. «Весна» борбору 15 студент кармалганын ишембинин кечинде маалымдады.

Ушул эле күнү Минскиде миңдеген аялдар шаардын башкы көчөсүндө жүрүш уюштурушту. 6-сентябрда бүткүл өлкөдө «Биримдик маршы» пландалган.

Президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко менен атаандашып, бирок расмий маалымат боюнча утулуп калган жана добуш берүүдөн кийин өлкөдөн чыгып кетип, Литванын борбору Вилнюста жүргөн оппозициялык талапкер Светлана Тихановская Вилнюстан түз эфирге чыкты.

«Жекшембиде абакка күн сайын камалып жаткандар жана көптөн бери ал жакта отургандар менен биздин тилектеш экенибизди дүйнөгө көрсөтүүгө мезгил келип жетти. Биз өз алдынчалык үчүн бирге экенибизди көрсөтүшүбүз керек», - деди Тихановская.

Минскиден журналисттер «Биримдик маршын» утурлай күч органдары баш калаага аскердик техника киргизгенин кабарлашты. TUT.BY сайты Эгемендик аянты курчоого алынганын, ага алып барчу бардык жолдор жабылганын жазды.

Акция Минск убактысы боюнча саат 13.00дө башталары айтылган.

9-августтагы шайлоодо учурдагы президент Александр Лукашенко негизги атаандашы Светлана Тихановскаяны жеңип, добуштардын 80% жакынын алганы расмий жарыяланган. Шайлоодон бери өтүп келе жаткан нааразылык акциянын катышуучулары иш жүзүндө оппозиялык талапкер утканын билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG