Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Зардалыга электр жарыгы орнотулат


Зардалы айылы. Баткен. 2019-жыл.
Зардалы айылы. Баткен. 2019-жыл.

Баткен облусунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылына электр энергиясы жеткирилет. Бул тууралуу «Ош электр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Нурильич Токонбаев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, сентябрь айынын башында «Улуттук энергохолдингдин» төрагасы Айтмамат Назаров жана «Ошэлектр» ишканасынын жетекчиси Артур Жусуев Зардалыга барып келишти. Алар алыскы айыл менен таанышып, айылдыктар менен электр энергиясын жеткирүү маселесин талкуулашты.

Натыйжада Зардалыга «Ошэлектр» ишканасы тарабынан 10кВ жогорку чыңалуудагы узундугу 10 чакырым аба чубалгысын куруу маселеси каралды.

Зардалы айлындагы бардык үйлөргө 0,4кВ электр энергиясы жана эки даана көмөк чордон курулмакчы. Мындан сырткары, айылдан төрт чакырым аралыкта жайгашкан «Зардалы» чек ара бекетине да көмөк чордон коюлуп, 0,4 кВ аба чубалгысы тартылат.

Зардалы айылын электр энергиясы менен «Ошэлектр» ишканасы камсыз кылат. Айылга электр энергиясын тартуу 2020-2021-жылдары жүргүзүлөт. Ага чейин айылдыктар күндүн нуру менен иштеген электр батареяларын иштетип турмакчы. Аларды «Улуттук энергохолдинг» ишканасы тапшырды.

Баткен районунун алыскы Зардалы айылына автоунаа баруучу жол жылына төрт-беш ай гана ачык болот. Жергиликтүү эл негизинен тоо кыркасында жайгашкан жөө жүрүүчү кооптуу чыйыр жол менен каттайт.

«Улуттук энергохолдингдин» маалыматы боюнча, Кыргызстанда учурда беш айылдын тургундары электр жарыгы жок жашайт. Алардын үчөөнө былтыр күн нурунан кубат алган жабдыктар берилген. Жакында Жалал-Абад облусундагы Жазы-Кечүү айылына электр энергиясы жеткирилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG