Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

АКШ жарандарын Тажикстанга барбай турууга үндөдү


Тажикстандагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.
Тажикстандагы мектеп. Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандагы пандемиялык кырдаалга жана терроризм коркунучуна байланыштуу АКШ бийлиги жарандарын бул өлкөгө баруудан карманууга чакырды. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин 6-сентябрдагы билдирүүсүндө кабарланды.

Өткөн айда АКШнын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору Тажикстанды COVID-19 жугуп калуу коркунучу жогору өлкөлөрдүн катарына киргизген.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда бүгүнкү күнү өлкөдө коронавирус жуккан адамдардын саны 8750дөн ашты. Бирок айрым эксперттер чыныгы көрсөткүч расмий маалыматтардан алда канча көп экенин айтып жүрүшөт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти жарандарына Тажикстанда терроризм коркунучу да бар экенин эскертүүдө. Билдирүүдө «террорчулар велосипедчен жүргөн саякатчыларга асылат, айрым учурларда алар клуб, ресторан, мейманкана, эс алуу жайлары, мектеп жана башка мамлекеттик мекемелерди да бутага алышы ыктымал» деп жазылган.

2018-жылы 29-июлда Тажикстанда саякаттап жүргөн чет элдик туристтерге террордук чабуул коюлуп, төрт чет өлкөлүк, анын ичинде АКШнын эки жараны каза болгон. Чабуул үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG