Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:58

Коронавирустан каза болгондор жок, 71 бейтап жаңы катталды


Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Август, 2020-жыл.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Август, 2020-жыл.

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 10-сентябрда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб кабарлады.

Штабдын ушул эле күнкү маалыматына караганда, илдетке чалдыккан 71 бейтап жаңы катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, алардын эң көбү Баткен облусунда – 19 адам.

«Бишкек шаарында 15, Ош шаарында бир, Чүй облусунда төрт, Ош облусунда беш, Талас облусунда төрт, Ысык-Көл облусунда сегиз, Жалал-Абад облусунда 15 адам катталды», - деди ал.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул илдет 44 684 адамга жукту, алардын ичинен 40 487 бейтап айыкты, 1063 бейтап каза болду.

Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 532 бейтап ооруканада жатат, 2260 адам үйүндө дарыланууда.

Оору жугузгандардын 3 160ы - медицина кызматкерлери. Алардын арасынан 2635 медкызматкер айыкты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майда токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими сакталууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG