Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Жаңы вакцинанын күтүлбөгөн таасири


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавирустан көз жумгандар 900 миң адамдан ашып, ооруну 27,7 миллиондон көп киши жуктуруп алды.

Мындай көрсөткүч «AstraZeneca» фармацевтикалык компаниясы COVID-19га каршы вакцинасын сыноонун акыркы баскычын убактылуу токтоткон маалга туш келди. Мындай чечимге вакцина сайдырган ыктыярчылардын бири капысынан белгисиз ооруга чалдыкканы негиз болду. Сыноо иштери кайра качан уланары азырынча белгисиз.

«AstraZeneca» компаниясы даярдаган вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычында дүйнө жүзү боюнча 30 миңдей адам катышып жаткан. Алардын бири, Британиядагы ыктыярчы аял неврологиялык белгилери бар, омуртканы сезгенткен илдетке чалдыккан. Мындан улам компания сыноо иштерин убактылуу токтоткон.

Вакцинаны Оксфорд университети менен бирге даярдап жаткан компания жагдайды көз карандысыз комиссия текшере турганын билдирди. Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок тыныгуунун мөөнөтү анын жыйынтыгынан көз каранды экенин айтты.

Кошмо Штаттарынын Саламаттык сактоо институтунун башычысы Фрэнсис Коллинз сенат комитетинин жыйынында соңку жагдайдан улам вакцина сайдырган башка ыктыярчылардын саламаттыгы текшериле баштаганын маалымдады.

«AstraZeneca» вакцинаны сыноонун үчүнчү баскычына жеткен, тактап айтканда, адамдарга сайып сынап жаткан дүйнөдөгү тогуз компаниянын бири.

Ал арада Бразилиянын Сан-Паулу штатынын губернатору кытайлык компаниянын вакцинасын сыноонун үчүнчү этабында «жалаң оң жыйынтыктар чыгып жатат» деп жарыялады жана мындан улам препарат ушул жылдын аягында эле элге жапырт сайыла баштарын билдирди.

Бразилия оорудан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири жана илдет жуккан, ажал тапкан жарандардын санына карап дүйнөдө экинчи орунда турат. Ушул тушта өлкөнүн алты штатында Кытайдын «Sinovac Biotech» компаниясы даярдап жаткан вакцинаны адамдарга сыналып жатат.

Сан-Паулу штатынын губернатору Жоао Дориа 9-сентябрдагы басма сөз жыйынында жашы алтымыштан өткөн, вакцина сайдырган ыктыярчылардын дээрлик 98 пайызында иммунитет пайда болгонун маалымдады. Ал өлкөнүн оор абалга кабылганы үчүн вирустун олуттуулугун ушул күнгө чейин жокко чыгарып келген президентти айыптады:

«Биздин өлкөдө вирустун олуттуулугун мойнуна албаган, аны жокко чыгарган лидер бар! Ал «бул пандемия эмес, беткап тагынуунун кереги жок, колду тазалап туруу жардам бербейт» деп айтат жана аралыкты сактоо туралуу эч кандай сунуш бербейт, обочолонууну жектейт, ал тургай гидроксихлорохинди колдонгула дейт. Мунун баары Сан-Паулу штатында, дегеле бардык штаттарда губернаторлордун коронавируска каршы күрөшүн кыйындатты».

Ушул тапта Мексика Орусиядан «Sputnik V» вакцинасынын 32 миллион дозасын алуу тууралуу макулдашты. Орусиянын Түз инвестициялар фонду Мексикада уруксат иштери бүткөндөн кийин препарат ноябрь айында жөнөтүлө баштарын билдирди. Мексикада коронавирус менен ооругандар 647 миңден ашып, 69 миңден көп бейтап жан берди.

Шаршембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров казакстандык кесиптеши Мухтар Тлеуберди менен сүйлөшкөндө, Нур-Султан Москвадан вакцина алуу тууралуу макулдашканын айтты. Муну менен катар, дүйнөдөгү айрым илимпоздор Орусияда даярдалган вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышты. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин айткан.

Орусияда COVID-19га бир миллиондон ашык киши чалдыгып, алардын 18 миңден көбү көз жумду.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө оору жуккан учурлар көбөйүп жатат. Мындан улам Германия Чехиянын борбору Прага шаарын «кызыл зонага» киргизди жана өз жарандарын ал жакка барбай турууга чакырды.

Чехияда соңку эки күндөн бери оору жуктуруп алгандардын саны 1160 адамдан ашып, бул илдеттен ажал тапкандардын жалпы саны 444кө жетти.

XS
SM
MD
LG