Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:04

«Твиттер» аккаунттарга чабуул коюлууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда айрым активисттер жана журналисттер «Твиттер» аккаунттарына чабуул коюлуп, жазган посттору өчүп калганын айтып чыгышты.

Активисттердин социалдык тармактардагы аккаунттары бузулган учурлар буга чейин да байкалган. Социалдык медиадагы коомчулук бул көрүнүштү сөз эркиндигине болгон кысым катары баалап жатат.

Журналист Махинур Ниязованын «Твиттердеги» аккаунту белгисиз себептен улам сыр сөзү өзгөрүп, чабуулга учураган. Ал социалдык желенин башкы кеңсесине кат жазып, баракчасын кайра калыбына келтиргенде 2017-жылга чейинки койгон посттору өчүп калган. Кимге, кайсы тарапка жеке маалыматтары зарыл болгонуна таң калып отурган чагы.

«Мен эртең менен туруп эле баракчама кире албай калдым, - дейт ал. - Телефондон, башка девайстардан кирүүгө аракет кылсам, сыр сөзүм дал келбей койду. Анан «Твиттердин» өзүнө кат жазып, сыр сөздү жаңыртууга туура келди. Акыркы үч жылда жазган бардык постторум өчүп калыптыр. 2017-жылдан баштап эле жазгандарым сакталып калган экен. Кийин «Твиттерде» көп кишилер аккаунттары чабуулга кабылганын жазганын байкадым. Өзүмдүн башыма келгенден кийин бул маселеге көңүл буруп калдым да. Бирок, мунун баары кимге, эмнеге керек - биле албай койдум».

«Аккаунтту көзөмөлдөө оңой эле»

Саясатчылардын, журналисттердин жана элге таанымал адамдардын социалдык медиадагы баракчаларына чабуул коюлушун айрымдар мамлекеттик күч органдарынан жана алар менен түздөн-түз кызматташкан уюк байланыш операторлорунан көрүшөт.

Атын атагысы келбеген бул IT кызматкери мамлекеттик коопсуздук органдарында соцмедиа колдонуучулардын аккаунттарына жашыруун кирип, бийликтин буйругу менен баракчалардагы маалыматты өчүрүп иштечү.

«Эми бул боюнча бир топ техникалар бар, - деп түшүндүрдү ал. - Маселен, «фишинг» деп коёт, «баракчага кириш үчүн сыр сөздү өзгөрт» же «пост жазыш үчүн сыр сөз зарыл» деген сыяктуу каттарды жиберишет. Колдонуучу байкабай эле ал каттагы анкетага жеке маалыматын жазып алат. Адатта азыр бул технология «Инстаграм» менен «Твиттердин» колдонуучуларына көп колдонулуп жатат. Бийликке жакпаган посттор өчүрүлөт, кайсы бир аткаминерди сындаган сөздөрдү өчүрүп коюшат дегендей. Анан мамлекеттик күч түзүмдөрү эч кандай тоскоолдуксуз эле ар бир жарандын «WhatsApp» тиркемесинде жазышкандарын окуй алат».

Буга чейин да бир нече активисттер менен саясатчылардын «Фейсбуктагы», «Твиттердеги» аккаунттарына чабуул коюлган эле. Акыркы күндөрү «Твиттерде» болуп жаткан чабуулдардын көпчүлүгү саясий багытта жазган журналисттер менен коомдо талкуу жараткан сүрөт же посттун ээлерине багытталууда.

Бул көрүнүш сөз эркиндигине доо кетирбейби?

Медиа эксперт Азамат Тынаев акыркы учурда өз оюн эркин билдиргендерге карата коюлган онлайн чабуулдарга кабатыр болуп жатканын билдирди:​

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

«Эми мындай окуялар бир нече ирет болгондон кийин мунун артында эмне жана ким турат деп ойлонуп калат экенсиң да. Кандайдыр бир уюшулган аракеттер барбы деген да шек жаралат. Ошондуктан жарандарыбыз, айрыкча маалымат тармагында иштеген журналисттер, блогерлер, жарандык активисттер онлайн дүйнөдөгү техникалык коопсуздукту өзгөчө билиши керек. Окуп, үйрөнүп, колдоно билиши зарыл. Анткени мындай учурлар боло берет жана мындан ары көбөйүп кетеби деп да чочулап жатам».

«Мамлекеттик органдардын тиешеси жок»

Бирок бул чабуулдарды мамлекеттик органдар коопсуздук күчтөрүнө эмес, саясий жараяндарга байланыштырууда.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Алтынбек Исмаилов алдыда шайлоо жакындап калгандыктан, ар кайсы топтор онлайн дүйнөдөгү коопсуздукка кол салууда деген ойдо турганын айтты:

«Азыр эми жалпыга маалым, ушул шайлоонун алдында ар кандай күчтөр маалыматты ар башка максатта колдонуп, туура эмес маалымат таркатуу ыктымалдыгы чоң болуп жатат да. Мен ишенем, мамлекеттик органдардын мындай иштерге тиешеси жок. Саясатка катышкандар эле бири-бири тууралуу башкача кабарларды таркатып, коомдун көңүлүн өзүнө оңой эле буруп коюшу мүмкүн».

«Жеке мейкиндикке тийишпейт»

Санариптик коопсуздукту демократиялык жактан өнүккөн өлкөлөр өзгөчө сактай тургандыгы жалпыга белгилүү. Маселен, Германияда социалдык медианын колдонуучуларынын курагы 18 жаштан өйдө чектелип, алар жазган посттордоргу террордук, «жек көрүү» тили катуу көзөмөлгө алынат. Германиянын Бремен шаарындагы «Uzuner Consulting GmbH» фирмасынын програмисти Эркин Карымшак уулу:

«Германиядагы коопсуздук кызматтары биздикиндей эле социалдык медиага чыккан маалыматтарды талдап турушат. Террордун алдын алыш үчүн атайын иш алып барышат. Бирок алар кимдир-бирөөнүн аккаунтуна кирип ичиндеги маалыматты өзгөтүп, өчүрүп же пост жазышы мүмкүн эмес. Жазылган маалыматты алар таптакыр өзгөртө алышпайт», - деди.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Байланыш агенттигинин эсебинде Кыргызстанда 10 563 605 мобилдик абонент бар. Анын 7 721 210у активдүү болсо, алты миллионго жакыны Интернетке туташкан. Кыргызстандыктар «Фейсбук», «Инстаграм», «Твиттер», «Одноклассники» сыяктуу социалдык түйүндөрдү көп колдонушат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG