Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Штаб: Кыргызстанда коронавирус 17-18-июлда эң көп катталды


Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө.
Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын эсебине ылайык, коронавирус 17-июлда 1654, 18-июлда 1264 кишиден аныкталган. Бул пандемия башталган март айынан бери COVID-19 илдети эң көп катталган күндөр болуп калды.

Кыргызстанда COVID-19 илдети менен алгачкы үч учур 18-мартта катталган. 12-сентябрга карата вирус жугузгандар 44 828ге жетти.

30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы үч бейтап айыгып чыккан. Учурда айыккандардын жалпы саны 40 779 адамды түздү.

Өлкөдө коронавирустан кайтыш болгон учур алгач 2-апрелде катталса, учурда көз жумгандардын саны 1063 кишиге жетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG