Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Президент партиялардын эл менен жолугушуусунда санитардык эреже сакталбай жатканын сынга алды


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков партиялар үгүт иштериндеги эл менен жолугушууларда санитардык эрежелер сакталбай жатканын айтты.

Президент 13-сентябрда КТРКнын “Биринчи радиосу” менен болгон маегинде эл башкарам деген партиялар коомчулукка үлгү болушу керектигин белгиледи.

“Партиялар азыркы кырдаалда саясий гана маданиятка эмес, социалдык да маданиятка таасир этип жатышат. Мына көрүп жатабыз, үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Айрым партияларда эл менен жолугушууларда беткап тагынуу, социалдык дистанцияны сактоо деген жөнөкөй эрежелер сакталбай жатат. Майда деп, буга маани бербей койгонго болбойт. “Эл башкарам, элдин тагдырын чечем» деген азаматтарыбыз бул маселеде да элге үлгү болуш керек деп эсептейм”, - деди президент.

Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан бери жүрүп жатат. Айрым партиялар аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жүрүшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG