Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:25

14-сентябрдан тартып китепканалар, музейлер иштей баштайт


Музейде телефон карап жаткан кыздар. Бишкек. 18-май, 2019-жыл.
Музейде телефон карап жаткан кыздар. Бишкек. 18-май, 2019-жыл.

14-сентябрдан тартып республика боюнча музей жана китепканалар иштеп баштайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Мекеме маданий жайлардын ишин баштоо үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен атайын алгоритм иштеп чыккан. Маданий жайларга барууда бардык санитардык эрежелер так сакталышы керек.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон. Бирок эл көп катышкан иш-чараларга чектөөлөр бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG