Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Орусияда жергиликтүү бийликке шайлоо өтүп жатат


Орусиянын 41 аймагында ар кайсы деңгээлдеги жергиликтүү шайлоолор өтүп жатат.

Серепчилердин эсебинде бул шайлоо ансыз да өз популярдуулугун жоготуп бараткан бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясы үчүн сыноо болуп калышы мүмкүн.

13-сентябрда орусиялыктар 18 аймакта губернаторлорду, 11 аймакта жергиликтүү парламент мүчөлөрүн шайлашат. Ал эми 22 административдик борбордо шаардык парламент мүчөлөрүн шайлоо өтөт. Андан тышкары төрт бир мандаттуу аймакта Мамлекеттик Думанын депутаттарын шайлашат.

Шайлоо жараянына көз салып келген «Добуш» көз каранды эмес тобу июлда жарыялаган баяндамасында белгилегендей, депутаттар пандемиянын шылтоосу менен «шайлоону таза эмес» өткөрүүгө аракет кылышканы белгиленет.

Документте бул жолку добуш берүү «соңку 25 жылдагы эң адилетсиз шайлоо» болору жазылган.

Көп аймактарда «Бирдиктүү Орусиянын» талапкерлеринен башкалары кандайдыр бир себептер менен шайлоого катыштырылбай, оппозициянын өкүлдөрүнө же алардын штабдарына кол салуулар уюштурулган.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрү шайлоого байкоо салуу үчүн чакырылган эмес.

XS
SM
MD
LG