Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

“Манас” аэропорту жүргүнчүлөрдүн тыгынына байланыштуу түшүндүрмө берди


“Манас” аба майданынын басма сөз кызматкери Алия Курбанова 11-сентябрдагы жүргүнчүлөрдүн тыгынына байланыштуу түшүндүрмө берди.

Курбанованын айтымында, 11-сентябрь күнү “Манас” аба майданына беш мүнөттүк аралыктан төрт учак бир маалда конуп, чек арачылар миңдей адамды тейлеген. Мунун натыйжасында жүргүнчүлөрдүн тыгыны пайда болгон.

Түшүндүрмөдө “Манас” аэропорту көп сандагы жүргүнчүлөрдү бир маалда тейлөө үчүн имарат тар болуп жатканы белгиленип, учурда аба майданын кеңейтүү иштери жүрүп жатканы кабарланат.

11-сентябрда социалдык тармактарда “Манас” аэропортунда тыгылып турган жүргүнчүлөрдүн сүрөтү тарап, пандемия маалында санитардык эрежелер сакталбай жатканы сынга алынган.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл жазында чек аралар жабылып, бардык туруктуу эл аралык авиакаттамдар токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана кыргызстандыктарды мекенине жеткирген чартердик каттамдарды уюштурган. Учурда айрым өлкөлөр менен каттамдар жандана баштады. (TSh)

XS
SM
MD
LG