Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Айрым ички жана сырткы аба каттамдары жанданат


«Манас» аэропортуна конгон учак. Апрель, 2020-жыл.
«Манас» аэропортуна конгон учак. Апрель, 2020-жыл.

14-сентябрдан тартып Ташкент-Бишкек-Ташкент багытындагы каттам кайрадан жүргүнчүлөрдү ташый баштайт. Каттамды «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы жүргүзөт. Учак жумасына бир жолу каттайт.

Эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу аба каттамдары мамлекет аралык келишимдерге ылайык жанданууда.

17-сентябрдан тартып Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттам да жанданат. Жарандык авиация департаменти Астана-Алматы-Бишкек каттамы азырынча жумасына эки жолу жүргүзүлөрүн кабарлаган.

Орусия менен туруктуу каттамдар калыбына келтириле элек.

Ошондой эле бул аптада ички каттамдар да жанданат. 15-сентябрдан тартып Бишкек-Баткен багытында учак каттай баштайт. Ал эми Бишкек - Жалал-Абад багытындагы каттам 18-сентябрдан тартып жанданат. Жүргүнчүлөрдү «ТезЖет» аба компаниясы ташыйт.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, Баткен менен Жалал-Абадга каттамдар азырынча жумасына бир жолу уюштурулат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык жана ички каттамдар токтогон.

8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак каттап жатат. Ал эми эл аралык каттамдар августтан тартып жанданды. Азырынча Түркияга жана Бириккен Араб Эмираттарына учак каттоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG