Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Пакистан: жолдо калган аялды зордуктагандарга жаза талап кылышты


Нааразылык акциялары Пакистандын бир канча шаарында, анын ичинде консервативдүү деген Пешеварда да өттү, 14-сентябрь, 2020-жыл.
Нааразылык акциялары Пакистандын бир канча шаарында, анын ичинде консервативдүү деген Пешеварда да өттү, 14-сентябрь, 2020-жыл.

14-сентябрда Пакистандын бир нече шаарында балдары менен жолдо бараткан аялды зордуктагандарга катаал жаза талап кылган жарандар нааразылык акциясына чыгышты.

Полициянын маалыматына караганда, 8-сентябрдын түнүндө өлкөнүн чыгышындагы Лахор шаарында 30 жаштагы аял эки баласы менен жолдо баратканда машинесинин майы түгөнүп калган. Ал полицияга чалып, жолдо калганын айткан. Бирок жардам келгиче эле аны эки бейтааныш киши автоунаасынан сүйрөп чыгып, жолдун чекесинде зордуктап кетишкен.

Пунжаб провинциясынын полиция башчысы Инам Гани кылмышка шектүү эки адам кармалганын билдирди. Бирок демонстрацияга чыккандар бул ишти иликтеп жаткан тергөөчүнү кызматтан четтетүүнү талап кылышты.

Ишти терген жарткан полиция кызматкери Омар Шейх түн ортосунда жолго чыккан "аялда да күнөө бар экенин" айтып, Пакистан Франция сыяктуу эле коопсуз мамлекет экенин кошумчалады. Кордукка кабылган аялда Францияда туруктуу жашоого уруксаты бар экени маалым болду.

Исламабадда нааразылык акциясына чыккандар француз желегин көтөрүп турушту. Митингдер консервативдүү деп саналган Пешавар шаарында да өттү.

XS
SM
MD
LG