Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Аялдын акчасын аңдыган альфонстор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Колунда бар аялдын эсебинен жан баккан жигиттер тууралуу кыргыз коомунда анча сөз боло бербейт. Бирок психолог адистер соңку кездери ушундай алдамчылыкка кабылып, бүт мүлкүн сатып, сызга отуруп калган аялдар көбөйүп баратканын белгилешет.

"Байлыгыма карап баш кошуптур..."

26 жаштагы Айжаркындын беш айлык боюнда бар. Бирок аны ала качып үйлөнгөн жигит келин кош бойлуу экенин уккандан кийин жылт койгон. Айжаркын бардар үй-бүлөнүн кызы. Айтымы, жолдошу анын материалдык абалына кызыгып эле турмуш курган экен.

“Досторубуз аркылуу таанышып, сүйлөшүп калдык. Мен тууралуу тааныштардан сураштырып, алдын ала эле маалымат топтоп коюптур. Үйдүн жалгыз кызы экенимди, өзүмдүн үйүм, машинам барын билген экен. Башында көңүлүмө карап, мамиле кылчу. Колумду сураганда макул болгон эмесмин. Ага карабай беш айдан кийин ала качып кетти. Үйлөнгөндөн кийин акчасы, үй-жайы жок экенин билдим. Мурда мага айтканынын баары калп болуп чыкты”.

Айжаркын жолдошу менен мыйзамдуу никеде турган эмес. Келин буга жолдошу моюн толгоп, каршы болуп келгенин айтууда. Турмушка чыккандан кийин күйөөсүн өзү бага баштаганын айтып берди.

“Батирде жашай баштадык. Аны көргөн ата-энем үйгө көчүрүштү. Бир айга жетпей минип турган машинем жок болду. Бирөөгө карыз болуп калган экен. Атамдан чоң суммада акча алып машине сатып бердим. Ошол убакта боюмда бар экенин билдим. Аны уккандан кийин эле үйгө келбей калды. Издеп барсам, банкта иштеген бир кыздын үйүндө жашап, машинасын айдап жүрүптүр. Менин акчамды да, машинамды да кайтарып берген жок. Көрсө буга чейин эле ушинтип үйлөнүп, кыздардын эсебинен жашап көнүптүр”.

Айжаркын мыйзамдуу никеси жана ортодо кагаз түрүндө келишим жок болгондуктан, мурдагы күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазган эмес.

"Алданып калганымды кеч түшүндүм"

Кийинки каарманыбыз 30 жаштагы Назгүл аялдын эсебинен жашаган эркекке жолукканын үй-бүлө кура электе эле түшүнгөн. Ал бир жыл ичинде сүйлөшүп жүргөн жигитине 10 миң доллардан ашык акчасын короткон.

“Биринчи жолу "апам ооруп калды" деп акча сурады. Бир аздан кийин өзү ооруп калганын айтты. Машинага топтогон акчам бар эле. Анын баарын бердим. Кийин "үйдүн жалгызымын үйдү оңдоп-түзөп, анан үйлөнөм" деп калды. Дагы акча таап бердим. Анын карыздарын жаап жүргөм. Бирине 50 миң сом, дагы бири 80 миң, 100 миңге чейин карызы бар эле. Аягында мени сызга отургузуп, сынык тепши менен таштап кетти. Кийин башкага үйлөнгөнүн уктум. Акчамды сураганда "Күбөлөр көрдү беле, нотариустан жаздырып алдың беле, эч нерсени далилдей албайсың. Бар билгенди кыл" деп айдап салды”.

Назгүл бир ай мурда прокуратурага жана укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, тилкаты жок иш тергелбейт деген жооп уккан. Ал дагы деле кантип алданып калганына түшүнбөй келет:

“Акчаны кантип бергенимди билбейм. Ошондогу абалым эсимде жок. Эмнеге алданганым да түшүнүксүз. Жакындарымды, ата-энемди укпай ушуга бардым. Күнөөмдү толугу менен моюнума алам. Ал жигитке кийин жолугуп, карызымды кечтим, сага сабак болсун деп кетип калдым. Бул окуя мен үчүн сабак болду. Жок дегенде тилкат жаздырып алсам, башкача болмок экен. Альфонс жигитим башында идеалдуу, оюмдагыдай камкор көрүнгөн. Кийин башканын мээнетин жеген, акчасы бар айымдарга мергенчилик кылган эркек экенин билдим”.

"Орусиядагы "альфонс" мигранттар"

Жеңил оокатты качырып, аялды имерген эркектер коомдо"альфонс" деген атка конгон. Алардын башкы максаты - кыйналбай акча таап, бирөөнүн эсебинен жан багуу болгондуктан, колунда бар кыз-келиндерди тоорушат.

Аялдын эсебинен жашаган же тагыраагы альфонс жигиттер соңку жылдары Орусиядагы мигранттар арасында көбөйгөн. Кыргызстандан барган жигиттер акчалуу аялдар менен көбүнчө чогуу жашаган батирден же иштеген жерден таанышат. Москвадагы кыргыз кафелерине эс алууга барып, таанышып калгандары да жок эмес.

35 жаштагы Алтынай күйөөсү менен эки ача жолго түшкөндөн кийин төрт жаштагы кызын ата-энесине таштап, Орусияга иштегени кеткен. Алтынай Москвада капыстан альфонско кабылып, батирине топтогон акчасынан айрылып кала жаздаган.

“Айлыгы жакшы жумушта иштейм. Тааныштар аркылуу ал жигитке жолукканда ишим, топтоп жаткан акчам тууралуу айтып бергем. Балам экөөбүзгө батир алам десем, ал "үйүмдү оңдоп-түзөйм" деди. Ошентип сүйлөшө баштаганбыз. Бара-бара менден жол киреге, тамак-ашына акча сурай баштады. "Үйлөнөлү, мага жардам бер, үйдү бүтүрөлү" деп калды. Мен буга маани деле бербедим. "Азык-түлүккө, жашаганга акча сал" деп жүрдү. Ошондо бир аз шек санай баштадым. Мен деле бир турмушту көргөм, эркектин кулк-мүнөзүн билем да. Эки айга чукулдаганда такыр сүйлөшпөй койдум. Ага менин акчам эле керек экен көрсө”.

Алтынай Москвада иштеген мекендештер арасында мындай көрүнүштөргө көп эле күбө болгон. Ал батирде бирге жашаган 42 жаштагы кошуна аял өзүнөн бир топ кичүү жигит менен сүйлөшүп жатканын айтты:

“Москвада баары бири-бирин колдонуп жашайт. Муну эркектер да жакшы түшүнүп калды. Айрымдарынын Кыргызстанда үй-бүлөсү бар. Ага карабай бул жакта ар кимди алдап жашай беришет. Менин жанымдагы эже бир жылдан бери 26 жаштагы жигит менен сүйлөшүп жүрөт. Ага баарын алып берет, курсагын тойгузуп, кийинтет. Дагы бир кесиптешим ошентип бирөөнү багып жүрүп, кош бойлуу кезинде жалгыз калды”.

Профессор Ишенгүл Болжурова бул көрүнүштү кыргыз коомундагы үй-бүлө баалуулугунун өзгөрүшү катары сыпаттады. Ал социалдык көйгөйлөрдүн жыйынтыгы азыркы көрүнүшкө алып келди деп эсептейт:

Ишенгүл Болжурова.
Ишенгүл Болжурова.

Азыркы транзиттик абалда биздин коомду аялдар сактап калды. Ишсиз, сынып калган күйөөлөрүн энелик сезим менен сүрөп, бизнес ачып берип, оор экономикалык абалдан чыгууга жардам берди. Баатырдык кылды. Менчиктештирүү, андан мурда, совет мезгилинен бери эле оор жумушту аял жасап келген, эркектин аты чыккан. Бул - аялдын күйөөсүнө үй-бүлөнүн ээси, балдардын атасы, арка-жөлөк деген аяр мамилеси. Бирок азыркы жаштар бай аялдарга жармашып, альфонс болгон жаман адат тапты”.

Психолог Илдар Акбутинге альфонско алданган кыз-келиндер көп кайрылат. Психолог өз тажрыйбасына таянып андай эркектерге материалдык абалы, билимине карабай аялдар кабыларын байкаган.

Альфонс жигиттер адатта жылуу сөзүн айтып, алдаганды жакшы билет. Анын торуна бала чагында жылуулук же мээрим көрбөгөн аялдар чалынышы мүмкүн.
Ильдар Акбутин

“Арасында жогорку билимдүүсү деле бар. Иштеп байып кеткени же өз алдынча акча таап, каржылай алганы да бар. Бул жерде психологиялык негизде талдоо керек. Ал аялдар эркектерге эне катары, камкор мамиле кылышы мүмкүн. Андайда эркек өзүн баладай сезет. Альфонс жигиттер адатта жылуу сөз айтып, алдаганды жакшы билет. Анын торуна бала чагында жылуулук же мээрим көрбөгөн аялдар чалынышы мүмкүн. Мындай учурда эркек да, аялда да бири-бирине толук кандуу мамиле кылганды билбейт. Аял эркекти актап, анын айтканын гипнозго кабылгандай аткара баштайт. Эркектер бул учурду өз кызыкчылыгы үчүн колдонушат. Альфонс өзүнө болгон ишеними төмөн, жалгыз бой жана колунда бар аялдарды тандайт”.

Эркекти табышкер, камсыздоочу катары көргөн кыргыз коомунда мындай мамиле тууралуу көп сөз козголбойт. Ал эми жазага тартылып же кылмыш иши козголгон альфонстор тууралуу дээрлик маалымат жок.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG