Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:04

БУУ ооган сүйлөшүүлөрүн кубаттап, согушту токтотууга чакырды


Дохадагы сүйлөшүүлөр. 13-сентябрь, 2020-жыл.
Дохадагы сүйлөшүүлөр. 13-сентябрь, 2020-жыл.

15-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Ооганстан өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын сүйлөшүүлөрүн кубаттап, тараптарды согушту биротоло токтотууга чакырган резолюция кабыл алды. Мындан тышкары кеңеште БУУнун Ооганстандагы саясий миссиясынын ишин дагы бир жылга узартуу маселеси чечилди.

Ооган өкмөтү, НАТО жана АКШ бийлиги «Талибан» кыймылын ондогон жылдарга созулган кан төгүүнү токтотууга чакырып келет.

12-сентябрда Катардын баш калаасы Дохада оогандардын тынчтык сүйлөшүүлөрү башталган. Бирок ооган Коргоо министрлиги сүйлөшүүлөр башталгандан кийин да Ооганстандын жер-жерлеринде талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда кармаш жүрүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG