Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Муфтият үгүт иштерине аралашпаш керек экенин дин кызматкерлерине эскертүүдө


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) диний ишмерлерге парламенттик шайлоонун үгүт иштерине аралашпаш керек экенин эскертип жатат.

Анын негизинде облустардын казылары райондордо жолугушууларды уюштуруп, имамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин Интернетке айрым партиялардын эл менен жолугушууларында молдолор да катышканы тартылган видеолор чыккан.

Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары шайлоонун үгүт иштеринин диний жайларда өткөрүлүшүнө тыюу салат.

Конституциясынын 7-беренесине ылайык дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. Үгүт иштери 4-сентябрда башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG