Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

«Сомон Эйр» октябрга чейин Орусиядан Тажикстанга 71 чартердик каттам жүргүзөт


«Сомон Эйр» авиакомпаниясы Орусиядагы тажикстандыктарды мекенине жеткириш үчүн 16-сентябрдан 30-сентябрга чейин кошумча 71 чартердик каттам жүргүзөт. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекенине кайткысы келген жарандар алгач Тажикстандын Орусиядагы элчиликтери менен башкы консулдуктарынын алдында түзүлгөн атайын комиссияга почта аркылуу өтүнмө жөнөтүшү керек. Мындан тышкары алардын колунда акыркы 96 сааттын ичинде тапшырылган, коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тесттердин жыйынтыктары болушу зарыл. Үч жашка чыга элек балдардан мындай кагаз талап кылынбайт.

Тажикстан коронавирустун жайылышына байланыштуу марттын аягында аба каттамдарын токтоткон. Ошондон бери чет өлкөлөрдөгү жарандар чартердик каттамдардын жардамы менен гана келип жатышат.

Тажикстан менен Орусиянын ортосунда ырааттуу каттамдар качан башталары айтыла элек.

XS
SM
MD
LG