Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Дастан Жумабековдун сүйүнчүсүнө байланыштуу расмий маалымат үчүнчү ирет өзгөртүлдү


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин спикери, парламенттик шайлоого талапкер катары аттанган Дастанбек Жумабековдун Таласта жаңы төрөгөн келинге берген сүйүнчү акчасы тууралуу расмий маалымат үчүнчү ирет өзгөртүлдү.

Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары жумушчу сапар менен барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Алгач бул каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени расмий кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, каражат фонддон бөлүнгөнүн кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу Жогорку Кеңештин спикери, алдыдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде бараткан Дастанбек Жумабековго байланыштуу талашты 17-сентябрда карап бүтүүгө тийиш.

БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, жумушчу топ эрежеге ылайык үч күндө корутунду чыгарып, жалпы жыйынга сунушун жибериши керек.

Төраганын фонду - мамлекеттик каражат. Шайлоо эрежесине ылайык, талапкер үгүт маалында мамлекеттик каражатты колдонсо административдик ресурсту пайдаланган болот. Чөнтөгүнөн акча берсе - шайлоочуну сатып алуу болот. Ушундан улам БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Кыргызстан» партиясын шайлоо жарышынан четтетүүнү сунуш кылып, комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнөн колдоо таба алган эмес.

Спикердин келинге акча бергенине байланыштуу маселени БШКнын карамагындагы жумушчу топ карап чыкмай болгон.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы төрага үгүткө катышпай жатканын, аймактарда жумушчу сапарларда жүргөнүн, буга «Жогорку Кеңештин макамы жөнүндө» мыйзам жол берерин билдирди.

Кыргызстандын 120 орундуу парламентке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда. Үгүт иши 4-сентябрда башталган. (SE)

XS
SM
MD
LG