Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Таиров: коррупциядан мамлекет бир миллиард сомдон ашык зыян тартты


Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

Кыргызстанда 2018-жылдан тартып кызматтык жана коррупциялык мыйзам бузуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу, коррупциялык схемаларды түзүү боюнча 2981 факт аныкталды.

Бул тууралуу өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) төрагасы Бакир Таиров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындан мамлекетке келтирилген зыян бир млрд. 200 млн. сомду түздү. Учурда анын 585 млн. 400 миң сому кайтарылды.

Фактылар боюнча 2981 кылмыш иши катталып, 291 иш сотко жөнөтүлгөн. 8,5 млн. сомдук мүлк камакка коюлган. Тергөөдө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин 392 кызматкери жоопко тартылганы белгилүү болду.

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны 17-сентябрда Бишкекте өттү.

Анын алдында, 16-сентябрда Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон Өмүрбек Суваналиев президенттин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча аракетин сынга алган. Президентти «бир тууган Матраимовдордун туткунунда калды» деп, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бажыдагы ишмердиги боюнча журналисттик иликтөөлөргө көңүл бөлүнбөй жатканына токтолгон. «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган материалдардын баары чын экени белгилүү экенин айткан.

Президенттин басма сөз кызматы Суваналиевдин билдирүүсүнө комментарий бере элек.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Клооп» медиасынын орток иликтөөлөрүндө теги кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын Кыргызстан аркылуу жүк ташыган компаниясы көмүскө ишмердиктен жүз миллиондогон доллар тапканы жана ал каражатты адалдоо жолу менен өлкөдөн чыгарып кеткени ашкере болгон. Абдукадырдын жүк ташуу бизнесин Мамлекеттик бажы кызматы калкалап турган. Бул ишмердиктин чордонунда жүргөн Айеркен Саймаити мунун баарын ачыкка чыгарып, ошол кезде бажыда жетекчи кызматта иштеген Райымбек Матраимов пара алып турганын айткан.

Ал сөзүн ырасташ үчүн жүз миңдеген долларлар Абдукадырдын нускоосу менен «Ысмайыл Матраимов атындагы фондуна» келгенин далилдеген түпнуска, көчүрмө жана электрондук документтерди берген. Иликтөө учурунда Матраимовдор менен Абдукадырлар үй-бүлөсүнүн башка да бизнес байланыштары, Райымбек Матраимовдун аялынын Дубайда 12,5 миллион долларлык, декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлкү табылган. Матраимовдун ыктымал мыйзамсыз байыганы тууралуу эл арасынан президентке суроо берилгенде Сооронбай Жээнбеков аны далилдеген "факты берүү" керек экенин билдирген. (NT)

XS
SM
MD
LG