Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Финансы министрлиги: тышкы карыз ички дүң өнүмдүн 56,2% түздү


АКШ доллары.
АКШ доллары.

Финансы министрлиги быйыл жыл аягына чейин Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. 323,6 млн. АКШ долларына жетерин кабарлады.

Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 31-июлга карата мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд. 824,01 млн. доллар (370 млрд. 267,71 млн. сом) болду. Анын ичинен 4 млрд. 169,6 млн. доллар (320 млрд. 39,21 млн. сом) тышкы карыз. 654,41 млн. доллар (50 млрд. 229,51 млн. сом) — ички карыз.

Тышкы карыздын басымдуу бөлүгү - 1 млрд. 861 млн. доллар көп тараптуу жеңилдетилген насыяларга тийиштүү. 1 млрд. 776,29 млн. доллар Кытайдын "Эксимбанкына" туура келет.

Министрлик бул жылы Кыргызстан тыштан 337 млн. доллар каржылык жардам алганын, анын ичинен 269 млн. доллар насыя экенин билдирди.

Расмий маалыматта 2019-жылдын аягында тышкы карыздын деңгээли ички дүң өнүмгө карата (ИДӨ) 45,5% чейин төмөндөтүлгөнүн, COVID-19 пандемиясына байланыштуу кризистен улам, тышкы карыздын деңгээли 2020-жылы ИДӨгө карата 56,2% чейин жогорулаганы айтылат.

Ушул жылдын январь-август айларында тышкы карызды тейлөө үчүн республикалык бюджеттен 112,9 млн. доллар (8 млрд. 852,1 млн. сом) которулган. 2019-жылы болсо тышкы карызды төлөөгө 201,1 млн. доллар (14 млрд. 010,3 млн. сом) кеткен.

Көз карандысыз экономисттер коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан экономиканы колдоого, илдетке каршы турууга жана айлык, пенсия, жөлөк пулду төлөө үчүн эл аралык финансы институттардан алган насыяларды эсепке алганда өлкөнүн ички жана тышкы карызы жыл аягында 5 млрд. доллардан ашарын божомолдоп жатышат. Муну Финансы министрлиги да моюнга алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG