Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:19

Тажикстанда футболдон кийинки кагылышууда 21 адам жабыркады


Хорог шаары.
Хорог шаары.

Тажикстандын чыгышындагы Хорог шаарында футбол беттешинен кийинки күйөрмандардын кагылышуусунан кеминде 21 киши жабыркады. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги 21-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрда «Гулакен» футбол командасы «Жогорку Хорог» командасын утуп алгандан кийин эки тараптын күйөрмандарынын ортосунда чатак чыккан. Кагылышуу адеп стадиондун ичинде башталып, андан соң көчөдө уланган.

Эки топ бири-бирине таш ыргыткан. Натыйжада жакын жердеги мектептин, турак-жайлардын терезелери талкаланган. Мындан тышкары жаатташкан күйөрмандар алты автоунаага жана стадиондун отургучтарына зыян келтиришкен. Милиция бул окуяны териштирип жатат.

Тажикстанда футбол күйөрмандарынын ортосунда маал-маалы менен кагылышуулар болуп турат. 2011-жылы Куляб шаарында күйөрмандар футбол калысын «бир тарапка тартып койду» деп айыптап, стадионду кайтарган милиция кызматкерлерине кол салышкан. Ошол эле жылы Дүйшөмбү шаарында футбол беттешинен кийинки чатактан кийин 40тай күйөрман кармалган.


XS
SM
MD
LG