Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Бишкекте аялына зомбулук көрсөткөн адам камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте аялын көгала кылып катуу сабаган адам камакка алынды. Баш калаанын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдиргендей, 20-сентябрда жергиликтүү тургун күйөөсүнөн зомбулук көргөнүн айтып, милицияга арыз жазган. Ал 19-сентябрдын кечинде «Учкун» кичирайонундагы үйүнүн жанында мас абалындагы күйөөсү сабап салганын билдирип, ага чара көрүүнү суранган.

Окуяны Свердлов райондук милициясы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Жоруктар кодексинин 75-беренеси («Үй-бүлөдөгү зомбулук») менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ушул эле күнү 40 жаштагы жаран милицияга жеткирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда тергөө уланып жатканы кабарланды.

Алып баруучу Ассол Молдокматова жабырлануучу беш баланын энеси экенин, аны күйөөсү аёосуз сабап койгондуктан ооруканада жатканын жана жардамга муктаж экенин 20-сентябрда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Үй-бүлөдө аялдардын зомбулукка кабылышы - Кыргызстандагы талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. Быйыл июнда Сузакта күйөөсү аялынын колун артка таңып, мойнуна дөңгөлөк асып, башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы тартылган видео тарап, кызуу талкууланган.

ИИМдин маалыматына караганда, 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Кыргызстандагы укук коргоочулар буга чейин пандемияда үй-бүлөлүк зомбулук күч алганын билдиришкен. (NT)

XS
SM
MD
LG