Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:47

COVID-19: АКШда ажал тапкандар 200 миңге чукулдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттарында коронавирустан көз жумгандардын саны 199 885 адамга жетти. Ушул тушта АКШда күн сайын оорудан кеминде 800дөй бейтаптын өмүрү кыйылып жатат. Бул апрель айынын ортосундагы көрсөткүчкө салыштырмалуу кыйла аз. Ал маалда оорудан көз жумгандардын саны 2800 адамдан ашып жаткан.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавируска 31 миллиондон ашык адам кабылып, 963 миңден көп бейтап көз жумду.

Азыр Европада Испания, Франция жана Британия оору очогуна айланды. Британ премьер-министри Борис Жонсон 22-сентябрда илдетти ооздуктоо үчүн айрым катаал чаралар кайра киргизилерин жарыяламакчы.

Италия Франциянын Париж баштаган айрым шаарларын, аймактарын кара тизмеге киргизди. Эми ал жактан келгендерден коронавирус жукпаганы тууралуу маалымдама талап кыла баштайт.

Францияда соңку бир күндө 13 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды жана бул кезектеги эң чоң көрсөткүч болуп калды. Испаниянын Мадрид шаарынын бийлиги жакыр райондордо карантин чараларын сакталышын көзөмөлдөө үчүн армиядан жардам сурады. Бул мамлекетте ооругандардын жалпы саны 971 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG