Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Кой-Таш окуясы боюнча сотто «Альфанын» он чакты кызматкери суралды


Кой-Таш окуясынан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин короо-жайы. 9-август, 2019-жыл.
Кой-Таш окуясынан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин короо-жайы. 9-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясына байланыштуу жабырлануучу-күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам бөлүгүнүн онго жакын кызматкери көрсөтмө берди.

Айыпталуучулардын адвокаттарынын маалыматына караганда, жалпысынан 50дөн ашык аскер көрсөтмө бериши керек. Сот «Альфанын» Кой-Таш окуясына катышкан 54 кызматкерин жабырлануучу-күбө деп тапкан.

Жараян ар аптанын дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү жабык каралууда. Өткөн жума күнү жана дүйшөмбүдө өткөн жараян шектүүлөрдүн биринин адвокаты ооруп келбей калганына байланыштуу болгон эмес. Аскерлер эки жумадан бери суралып жатат.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан кармоо операциясы атайын кызматтын бир офицеринин өлүмү менен аяктаган. Ондогон киши түрдүү жараат алган.

Бул үчүн ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн.

Буга чейин сот Кой-Таш ишин териштирүүнүн жана камактагылардын мөөнөтүн 11-ноябрга чейин узарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG