Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Европа Биримдигинин саммити октябрга жылды


Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел. Брюссел, 19-август, 2020-жыл.
Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел. Брюссел, 19-август, 2020-жыл.

Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел Европа Биримдигинин (ЕБ) 24-25-сентябрга белгиленген саммити 1-2-октябрга жылдырылганын билдирди.

Жыйындын жылдырылышына Мишелдин убактылуу карантинге алынганы себеп болду. Ал жакында эле коопсуздук кызматынын коронавирус жугузуп алган өкүлү менен сүйлөшкөнү аныкталган.

Европа кеңешинин өкүлү Баренд Лейтц «Твиттердеги» баракчасына Шарль Мишел бир канча убакыт карантинде болушу керек экенин жазды. Анын айтымында, кеңештин башчысы тесттен улам-улам өтүп жатат, дүйшөмбү күнү тапшырган акыркы анализи таза чыккан. Бирок Белгиядагы эпидемиологиялык эрежелер боюнча ал карантинде болушу керек.

Евробиримдиктин кезектеги саммитинде Брекзит боюнча сүйлөшүүлөрдөн тартып климаттын өзгөрүшү, Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндөгү суутек кендерин издөөгө байланыштуу Түркия менен Грекиянын ортосундагы чыңалууга чейинки маселелерди кароо пландалган. Мындан тышкары саммиттин күн тартибинде Беларустун лидери Александр Лукашенкого каршы санкцияларды карап, кабыл алуу маселеси да бар.

XS
SM
MD
LG