Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Башкы прокуратура: шайлоо боюнча 26 иш тергелип жатат


Президент менен башкы прокурордун онлайн кеңешмеси. 23-сентябрь, 2020-жыл.
Президент менен башкы прокурордун онлайн кеңешмеси. 23-сентябрь, 2020-жыл.

Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатат. Учурда Интернетте жарыяланган 55 маалымат текшерилип, алардын 26сы боюнча факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу 23-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен өткөргөн кеңешмеде маалым болду.

26 иштин 18и жазык, сегизи жорук беренеси менен сотко чейинки териштирүүгө алынды. Башкы прокуратурада парламенттик шайлоого байланыштуу штаб түзүлгөн.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратура шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөшү керек экенин белгиледи.

Башкы прокуратура 18-сентябрда шайлоо мыйзамдарынын бузулушу боюнча жалпысынан 21 учур катталганын, анын баары ички иштер органдарына өткөрүлүп, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилгенин маалымдаган. Бирок укук коргоо органдары мыйзам бузулган учурлар боюнча кандай чара көрүп жатканы тууралуу маалыматтар жок. Укук коргоочулар фактыларды айтып чыккандардын өзүнө кысым болуп жатканын айтып жатышат.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 орунга 15 партия ат салышууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG