Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Орусия европалык расмий адамдардын «кара тизмесин» кеңейтет


Кремль.
Кремль.

Орусия 23-сентябрда өлкөгө жана жарандарына каршы «кастык кадамга» жооп иретинде европалык расмий адамдардын «кара тизмесин» кеңейтип жатканын билдирди.

Тышкы иштер министрлиги кандай чара көрүлөрүн тактаган жок. Бирок Орусияга кирүүгө тыюу салынган Еврошаркеттеги расмий адамдардын саны биримдик «кара тизмеге» камтыган орусиялыктардын санына барабар болорун белгиледи.

Москва Брюссел тирешүү саясатын уланта берсе, дагы чара көрөрүн эскертти.

Тараптар Орусия Батыштагы шайлоолорго аралашкан болушу ыктымал деген дооматтардан, Крымдын аннексиясынан, оппозиционер Алексей Навальныйды ууландыруу аракети болгон деген шек саноодон улам талашып-тартышып келишет.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Москвадан оппозиционердин «Новичок» деген химиялык агент менен ууландырылышы боюнча түшүндүрмө талап кылышкан.

Шаршембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова «Навальныйдын ооруканага түшкөнүн бетке кармап жаманатты кылуу өнөктүгүн жүргүзүп жатат» деп Кремлдин атынан дагы бир жолу Батышты айыптады.

XS
SM
MD
LG