Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Интернетте бюллетенге жазылган сыянын өчүп калганы жөнүндө тараган видео боюнча маалымат таратты. Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоо участкаларында сканерге ылайыктуу капиллярдык калем колдонуларын айтып, анын бюллетенге жазылган сыясын өчүрүүгө мүмкүн эмес экенин билдирди.
«Шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүш үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Добуш берүү учурунда жана добуштарды эсептөө учурунда саясий партиялардын байкоочулары жана коммерциялык эмес уюмдардан дайындалган коомдук байкоочулар катышат», - деди Бекматов.
Социалдык тармактарда кагазга калем сап менен жазып, аны от менен кайра өчүрүп койгон видео тарап жатат. Анда сүйлөп жаткан киши шайлоо күнү бюллетенге коюлган белгилер өчүп каларын айтып, ар бир жаранды өзүнүн калемин ала барууга чакырган.
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (TSh)