Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:21

Жээнбеков Түркиянын президенти Эрдоган менен телефондон сүйлөштү


Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Режеп Тайып Эрдоган жана Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

24-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана мурда макулдашылган келишимдердин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Түркияда жүздөгөн кыргыз мигранттары эмгектенет. Түркия 2016-жылы диниятчы Фетхуллах Гүленге жана анын жолун жолдоочуларга таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну талап кылган. Расмий Бишкек алар өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирип, эки өлкөнүн мамилеси ошондон кийин сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

Расмий Анкара АКШда 20 жылдан бери өз эрки менен бозгунда жашап келаткан түркиялык диний аалым Фетхуллах Гүленди 2016-жылдагы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан.

Түрк бийлиги Гүлендин «Хизмет» кыймылын ФЕТО деп атаган. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG