Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:57

Тажикстандын Москвадагы элчилиги кызматкери сабалганын бышыктады


Тажикстандын Москвадагы элчилиги.
Тажикстандын Москвадагы элчилиги.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги 26-сентябрда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери элчиликтин имаратында сабалганын расмий бышыктады. Маалыматка караганда, 24-сентябрда Тажикстандын жарандарын кабыл алуу учурунда элчиликтин кызматкери сабалып, жаракат алган. Кол салган киши дароо кармалган жана Орусиянын укук коргоо органдары жагдайды иликтеп жатат.

25-сентябрда орусиялык басылмалар Тажикстандын 37 жаштагы жараны Москвада элчиликтин эки кызматкерин сабаганын кабарлашкан. Маалыматта жабыркагандардын бири айдоочу, экинчиси улук адис экени айтылган.

ТАСС агенттигинин укук коргоо органдарындагы өз булагы «Жаңжал учурунда эркек киши оппоненттеринин биринин мурдун жана бир манжасын сындырган. Мындан тышкары анын мээси чайкалганы аныкталган. Экинчи жабырануучу олуттуу жаракат алган эмес» деп билдирген. «Азия-Плюс» агенттиги өз булактарына таянуу менен элчиликтин кызматкерлери орой мамилелери үчүн токмоктолгонун жазды. Элчилик бул маалыматты четке какты.

Соңку эки айдан бери Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында мекенине кайтууну каалаган кишилердин узун кезеги жаралууда. Алардын көбү чартердик каттамдар үчүн түзүлгөн тизмеге нааразы.

XS
SM
MD
LG