Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Германия чалгын кызматын көзөмөлдөөчү орган түзөт


BDN эн белгиси.
BDN эн белгиси.

Учурда Германияда Федералдык чалгын кызматынын (BND) ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү орган түзүү жөнүндө мыйзам иштелип жатат. «Көзөмөл кеңешине» төрт федералдык сот, эки федералдык прокурор кирет. Бул тууралуу «Süddeutsche Zeitung» басылмасы, NDR жана WDR телекомпаниялары федералдык канцлердин кеңсесине келип түшкөн мыйзам долбооруна таянып маалымдашты.

«Немис толкуну» (DW) кабарлагандай, муну менен Германиянын Федералдык конституциялык сотунун токтому аткарылат. Май айында сот чалгын кызматы тууралуу азыркы мыйзам өз ара кат алмашуунун купуялыгын жана сөз эркиндигин бузат деп чечкен.

Конституциялык сот мыйзамчыларды чалгын кызматынын укугун 2021-жылдын аягына чейин чектөөгө милдеттендирген.

Федералдык чалгын кызматы маалыматтарды негизсиз чогултуп, иштеп чыгат. Атайын кызмат күн сайын 154 миң билдирүүнү окуп, анын ичинен 260 өз кызыкчылыгы үчүн алат.

Федералдык сот Интернеттеги агымды минтип иликтөө ФРГнын Баш мыйзамына каршы келет деп чечкен.

XS
SM
MD
LG