Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 17:16

Кыргызстанда саясат талдоочулар Карабактагы согушту токтотууга чакырууда


Тоолуу Карабактагы абал. 29-сентябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандагы «Эл аралык саясат талдоочулар конгресси» Тоолуу Карабактагы согушту токтотууга арнап бүгүн, 30-сентябрда тегерек үстөл өткөрүшөт. Иш-чара саясатчылардын, саясат талдоочулардын катышуусунда өтөт. Аталган уюмдун өкүлү Бакыт Бакетаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, тегерек үстөлгө онлайн форматта Орусия, Казакстандан да эксперттер кошулат.

«1994-жылы 5-майда Бишкекте Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуу боюнча Азербайжан менен Армениянын Бишкек келишимине кол коюлган. Ал кездеги жыйынга Жогорку Кеңештин ошол учурдагы спикери Медеткан Шеримкулов төрагалык кылган. Ошондон кийин көп убакыт бою аймакта чатак болгон эмес. Бүгүнкү иш-чарабызга да Шеримкуловду чакырып, Карабактагы кырдаалды талкуулайлы деп чечтик», - деди ал.

Бакетаевдин айтымында, тегерек үстөлдүн катышуучулары Тоолуу Карабакта тирешип жаткан тараптарды согуш отун токтотуп, тынч сүйлөшүүгө чакырышмакчы.

Тоолуу Карабактагы абал боюнча Кыргызстандын бийлиги өз позициясын билдире элек.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки мамлекет чатак үчүн бири-бирин күнөөлөгөн. Ереван Бакуну «Тоолуу Карабакка кол салды» деп айыптаган жана өз өлкөсүндө аскердик абал жарыялап, жалпы мобилизациялоо баштаган. Азербайжан болсо «Армения биринчи чабуул койду» деп, «Тоолуу Карабактагы жети азери айылын бошотконун» билдирген. Азербайжан да аскердик абал жарыялады. Баку баштаган бир катар шаарларга дүйшөмбүдөн тартып коменданттык саат киргизилди.

Эки тараптан тең жоготуулар бар экени кабарланды. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG