Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

КТРК: Телетаймаш учурунда жарыктын өчүшүнө Батыш РЭСиндеги кырсык себеп болгон


Коомдук телеканал тараткан маалыматка ылайык, түз ободогу телетаймаш учурунда электр жарыгынын өчүп калышына Батыш аймактык электр станциясындагы кырсык себеп болгон. Муну станциянын нөөмөтчү кызматкери да тастыктаган.

Маалыматта өзгөчө маанидеги түз эфирлерди өткөрүү тартиби боюнча теледебат болору 30-сентбярь күнү Батыш РЭСине алдын-ала кабарланганы да жазылган. Мындай техникалык мүчүлүштүктөн улам КТРКнын жетекчилиги телекөрүүчүлөрдөн кечирим сурады.

30-сентябрь күнү Коомдук биринчи каналда Жогорку Кеңешке талапкер болуп аттанган партиялардын өкүлдөрү телетаймашка чыгышкан. Дебат учурунда корпорациянын аппараттык студия комплексинде электр энергиясы бир нече жолу өчүп, кайра күйгөн. Натыйжада эфирдеги түз көрсөтүүдө 15 мүнөттүк үзгүлтүк болду.

30-сентябрь күнү КТРКнын эфиринде «Республика», «Мекен Ынтымагы», «Ыйман Нуру» жана «Бир Бол» партияларынын лидерлери таймашты. Дебатка «Кыргызстан» партиясынан лидердин ордуна башка талапкер катышты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG