Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Тоолуу Карабакта атышуу уланууда


Азербайжанга тиешелүү артиллерия. 30-сентябрь, 2020-жыл.
Азербайжанга тиешелүү артиллерия. 30-сентябрь, 2020-жыл.

Баку армян аскерлери Азербайжандын Физулин районундагы Горадиз шаарын аткылашканын билдирди. Азербайжандын Башкы прокуратурасы тараткан маалыматка ылайык, снаряд май куюучу бекеттин жанына түшүп жарылган. Бир адам өлүп, үчөө жарадар болгон. Мекеменин маалыматына ылайык, артиллериялык аткылоого Тертер району да туш болду.

Армения азырынча бул маалыматка жооп бере элек.

Учурда эки тараптан тең артиллериялык аткылоо төртүнчү суткада да уланып жатканы кабарланууда.

Бул аймакта 1990-жылдардан берки эң катуу согуш болуп жатат. Баку менен Ереван кырдаалдын курчушу үчүн бири-бирин айыптап жатышат.

27-сентябрда башталган атышуудан ондогон адамдар курман болуп, жүздөгөнү жаракат алды. Өлгөндөрдүн арасында жайкын тургундар да бар.

Эки тарап тең аткылоо Карабактын чегинен тышкары болуп жатканын ырастады. Бир күн мурун Ереван Варденис районун Азербайжан аткылаганын айтса, Баку Дашкесан району армян артиллериясынын аткылоосуна туш болгонун маалымдады. Армян бийлиги Су-25 учагын Түркиянын F-16 учагы атып түшүргөнүн айтып чыкты.

БУУ баш болгон бир катар эл аралык уюмдар, көптөгөн мамлекеттер Баку менен Еревандан ок атууну токтотуп, маселени тынч сүйлөшүүлөр менен чечүүнү талап кылышууда. Алардын ичинде Кыргызстан да бар.

XS
SM
MD
LG