Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

БШК: Көчмө добуш берүүдө санитардык талаптар сакталат


Кыргызстандагы шайлоодон бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы шайлоодон бир көрүнүш. Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) менен Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан алгоритмге ылайык, маанилүү себептер менен шайлоо участогуна келип добуш бере албаган жарандарга атайын комиссия барып, үйүнөн же башка жактан добуш берүүсүн камсыз кылат.

Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнөн, байкоочулардан, партия өкүлдөрүнөн жана журналисттерден турган комиссиялык топтогулардын дене табын атайын окутулган адис өлчөйт. Алар түшүп баруучу транспорт жана башка буюмдар алдын-ала дезинфекцияланат. Комиссия мүчөлөрү толугу менен коргоочу костюм кийиши зарыл. Ар биринде санитайзер болот.

Обсервацияда турган, ооруп жаткан же коронавирустун белгилери бар жарандар шайлоо участкасынан тышкары добуш бериш үчүн 2-октябрга чейин участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга тийиш. Алар 3-октябрда алдын-ала добуш берет.

Участоктон тышкары добуш берген жарандарга да беткап жана мээлей берилет. Шайлоочуларды идентификациялоочу жабдыктар ар бир добуш берүүдөн кийин дезинфекцияланууга тийиш.

БШК шайлоочуларды өздөрүнүн коопсуздугу үчүн добуш берүүдө санитардык-гигиеналык эрежелерди бекем сактоого чакырууда.

4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо болот. Шайлоого 16 саясий партия катышууда. Добуш берүүгө 3,5 млн. айланасында шайлоочу келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG