Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Евробиримдиктин Беларуска каршы санкциялары жума күнү бекитилери менен күчүнө кирет


Президент Александр Лукашенкого каршы митинг. Минск. Сентябрь, 2020-жыл.
Президент Александр Лукашенкого каршы митинг. Минск. Сентябрь, 2020-жыл.

Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишел Брюсселдеги басма сөз жыйынында билдирди.

Еврокомиссиянын өкүлү Урсула фон дер Ляйендин айтымында, санкциянын тизмеси мурда эле даяр болгонун, аны бекитүү техникалык маселе экенин айтты. Ал Евробиримдик Беларус боюнча бир пикирге келгенине канааттанып турганын билдирди.

Евробиримдиктин «кара тизмесине» Беларус бийлигинен 40 киши кирет. Президент Александр Лукашенко азырынча тизмеге киргизилген жок.

Евробиримдик санкциялар аркылуу Минск оппозиция менен саясий кризисти чечүү зарыл экенин эскертүүдө.

Беларуста нааразылык акциялары 9-августта президенттик шайлоодон бери утур-утур өтүп келет. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко акыркы шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялаганы менен анын жыйынтыгын Беларус оппозициясы таануудан баш тарткан.

Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон 37 жаштагы Светлана Тихановская шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ушул тапта Литвада жашап жаткан оппозициячыл саясатчы эл аралык коомчулукту шайлоону тааныбоого чакырып келет.

Буга чейин Европарламенттин жетекчилиги Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын өткөн аптада жарыялады.

АКШнын жетекчилиги Лукашенкону оппозициячыл күчтөрдү куугунтуктоону тез арада токтотууну талап кылып, айрым жетекчилерге карата санкция киргизерин эскерткен болчу.

Александр Лукашенко шайлоодогу мыйзамсыздык, адам укуктарын бузуу боюнча дооматтарды четке кагып, сырткы кийлигишүү үчүн Батыш өлкөлөрүн айыптап келет.

XS
SM
MD
LG