Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

ЖАМК Даниел Ажиевдин психиатриялык ооруканага которулганын тастыктады


Даниел Ажиев.
Даниел Ажиев.

«Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутууга» шектүү катары кармалган Даниел Ажиев психиатриялык диспансерге которулганы расмий тастыкталды.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдиргендей, Ажиев Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан диспансерге жөнөтүлгөн. Муну Ажиевдин туугандары да «Азаттыкка» билдиришкен.

Анын жакындары тергөө алкагында милициядан Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылышкан.

Экспертиза «Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж» деген корутунду чыгарган. Ага байланыштуу учурда Ажиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, экспертизанын корутундусу сотко берилген.

Ажиев 2020-жылдын март айында «Инстаграмдагы» баракчасына видео жарыялап, муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн. Ошондон кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча шектүү катары кармалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков жол кырсыгына катышканын Ажиев бир канча жолу Интернетке жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG