Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митинги башталды


Бишкектеги митинг. 5-октябрь, 2020-жыл.
Бишкектеги митинг. 5-октябрь, 2020-жыл.

«Социал-демократтар» партиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип, бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынын алдына митингге чыкты.

Анда партия мүчөсү Ирина Карамушкина сүйлөп, «бийлик шайлоону өзү каалагандай өткөрдү» деп белгиледи. Ал бийликтин өзүм билемдигине оппозициянын алсыздыгы, чачкындыгы себеп болгонун айтты:

«Кечээ биз көрдүк, алар өздөрү каалагандай жыйынтыктын сүрөтүн тартышты. Мектептердеги мугалимдерди мажбурлашты. Өлкөнү бандиттерге жана аткезчилерге ишенип тапшыра албайбыз».

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын «Социал-демократтар» партиясынан тышкары дагы бир нече партия билдирген. Алар шайлоочуларын нааразылык акциясына чакырышкан.

4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өттү. Ага 16 саясий партия катышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өтүштү.

Акыркы жыйынтыкты БШК бюллетендерди кол менен эсептеп бүткөндөн кийин чыгарышы керек.

БШК 4-октябрь, саат 23:30га карата маалыматы боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыгы дээрлик 98% белгилүү болду. Маалыматка караганда, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы добуштардын 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

«Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар.

Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG